АНТИЛ АРАЛДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:51, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) (Begay moved page АНТЙЛ АРАЛДАРЫ to АНТИЛ АРАЛДАРЫ) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТИЛ АРАЛДАРЫ (исп. Antillas; anti – каршы, illas – аралдар, б. а. океандын арткы тарабындагы аралдар) – Вест-Индиядагы архипелаг. Аянты 228,7 миң км2. Калкы 42 млн (2009). Чоң А. а-на (Куба, Гаити, Ямайка, ПуэртоРико) жана Кичи А. а-на (Виргиния, Айдарым, Ылымта, Тринидад, Тобаго, Барбадос) бөлүнөт. Климаты тропиктик пассаттык, ысык, жайы нымдуу. Жылдык жаан-чачыны 1200–2000 00 мм, тоолорунун айдарым капталдарында 5000 мм чейин, ылымта капталдарында 700–800 мм. Жайдын аягында өтө катуу шамал (ураган) болот. Тоолорунун бийикт. 3175 мге жетет. Аракеттеги жанар тоолор бар. Жалбырагын күбүүчү жана дайыма жашыл тропик токойлору, саванна мүнөздүү. А. а-нда жайгашкан өлкөлөр: Антигуа жана Барбуда, Барбадос, Гаити, Гренада, Доминика Респ., Куба, Сент-Винсент жана Гренадина, Сент-Люсия, Сент-Китс жана Невис, Тринидад жана Тобаго, Ямайка, о. эле Улуу Британиянын, АКШнын, Франциянын жана Нидерландиянын ээликтери; аралдардын бир бөлүгү Венесуэланын курамына кирет.рет.