АЛГЕБРАЛЫК КӨП ТҮСПӨЛДҮҮЛҮК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:49, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛГЕБРАЛЫК КӨП ТҮСПӨЛДҮҮЛҮКалгебралык геометриядагы изилдөөлөрдүн эӊ башкы объектиси. Алгебралык көп түспөлдүүлүктүн учурдагы аныктамасы чыныгы же комплекстүү сандар талаасында аныкталган алгебралык аффиндик жана проективдик көптүктөрдөн башталган. Азыркы учурда k-талаасында аныкталган Алгебралык көп түспөлдүүлүк, ошол k-талаасында келтирилген чектүү типтеги схема түрүндө берилет. Немец математиги А. Вейль Алгебралык көп түспөлдүүлүккө дифференциалдык көп түспөлдүүлүктөрдүн идеясын пайдаланып, төмөнкүчө аныктама берген: k-талаасындагы абстракттуу Алгебралык көп түспөлдүүлүк талаасындагы аффиндик алгебралык көптүктөрдөн турган (Va) системасынан турат. Ар бир Vв да камтылган W ачык көптүгү (WМ Va) тиешелүү түрдө ачык WМ Va көптүгүнө изоморфтуу болгон (W) көптүктөргө бөлүнгөн.
Ад.: 1. Шафаревич И. Р. Основы алгебраической геометрии. М., 1972.
А. А. Чекеев, С. С. Токсонбаев.