АНТАРКТИДА ОАЗИСИ
10:46, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) (Begay moved page АНТАРКТЙДА ОАЗИСИ to АНТАРКТИДА ОАЗИСИ) тарабынан жасалган версия
АНТАРКТИДА ОАЗИСИ– Антарктиданын чет жакасындагы муз каптаган бош жерлер. Аянты ондогон км2ден жүздөгөн км2ге (Бангер оазиси, 952 км2) чейин. Айланасындагы аймактардан катаалдыгы азыраак, жерг. климаты, суук чөл ландшафтысы, суунун жыл бою суюк абалда болушу, көлдөрүнүн көптүгү, криоген-структуралуу топурактын жана орг. тиричиликтин болушу менен айырмаланат. Кадимки же шельф жанындагы, тоо аралык жана тоолуу оазистерге бөлүнөт. А. о-нде уюлдук станциялардын көбү жайгашкан. Чөл оазистерине окшоштуктары б-ча (аларды айланасындагы жерлерге караганда жашоого ыңгайлуураак шарттары б-ча бириктирет) «Оазис» терминин Антарктиданын шартына ылайыктап колдонууну 1938-ж. канадалык уюл изилдөөчү А. Стефансон сунуш кылган.