АНТАРКТИКА ЖАРЫМ АРАЛЫ
Jump to navigation
Jump to search
АНТАРКТИКА ЖАРЫМ АРАЛЫ (1961-ж. чейин советтик жана англиялык карталарда Грейама жери, америкалык картада Палмера жарым аралы, чили картасында О’Хиггинс жери, аргентина картасында Сан-Мартин жери аталган) – Антарктида аймагынын бир бөлүгү. Болжол менен 1200 кмге түндүккө Түштүк Американы карай созулат. Жазылыгы 200 кмдей. Бийиктиги 4191 мге чейин. Борбордук бөлүгүн мөңгүлүү плато (бийиктиги 1500–2000 м) ээлейт. Жээгинин айрым жеринде муз каптабаган тоо массивдери кездешет. Антарктика жарым аралында антарктидалык илимий станциялардын 1/4 жайгашкан.