Тармактык Энциклопедия:FORTRAN ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ
Jump to navigation
Jump to search
FORTRAN ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ. Формула которгуч деп которулуп, програмдын жогорку деңгээлдеги тилдеринин биринчилеринен болгон. 1950 - жылдын аягында IBM фирмасынын Жон Бэкус башында турган програмчылар тобу тарабынан иштелип чыккан. FORTRAN илимий колдонмолорго багытталып иштелип чыккан, аны менен татаал математикалык жана логиктик туюнтмалар иштетилет, бул тилди көп жылдар бою илимпоздор, инженерлер жана математиктер колдонушкан.