АНЖИЯН ШААРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:17, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНЖИЯН – Өзбекстан Республикасындагы шаар, Анжиян облусунун администрация борбору. Фергана өрөөнүнүн чыгышында жайгашкан. Калкы 410 миң (2015). Темир жол түйүнү. Аэропорт бар. 9-кылымдан Андукан деген ат менен белгилүү болуп, Саманид, Караханид, Монгол Тимурид, Бухара жана Кокон хандыктарынын курамына, 1876-ж. Россия империясынын курамына кирген. 1898-ж. Анжиян көтөрүлүшүнүн башкы борбору болгон. Өзбекстандагы маанилүү өнөр жай борбору. Машина куруу (электр-техникалык, ирригация жабдуулары), жеңил (кебез-кездеме, бут кийим, трикотаж, тигүү), тамак-аш-татымал өнөр жайы; гидролиз жана 2 пахта заводу бар. Төрт жогорку окуу жай, тарыхый-край таануу музейи, медресе, Жами минарети (19-кылымдын аягы), музыкалык-драма (1919), «Лола» куурчак жана Жаштар театры иштейт.