АЖЫКЕЕВ Эсенкан

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:30, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЖЫКЕЕВ Эсенкан (1924, Нарын облусу, Жумгал району, Баш-Кууганды айылы -­ 30.7.1989, Россия ) – шахтер, өндүрүш алдыңкысы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). 1939-жылдан Нарын музыкалык театрында солист болгон. 1942-­49‑жылдары Советтик Армиянын ката­рында кызмат кылган. 1951-жылдан рудникте катардагы бургулоочудан мастерге чейин ишге­ген. Кийин мастерге чейин көтөрүлгөн. Ажыкеевдин бригадасы эмгек­теги зор ийгиликтерге же­тишкен. Эки жолу Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган. 1979-жылдан ардактуу эс алууга кеткен.