АЖО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:05, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЖО – кытай булактарында эскерилген орто кы­лымдардагы кыргыз өкүмдарынын бийлик титулу. Айрым синологдор Aжону «Ажэ» деп чеч­мелешип, ал монгол доорундагы кыргыз журт башчыларынын өкүмдарлык титулу «инал» маа­нисин туюнтат деп эсептешет. Ажонун башкаруу бийлик мерчеми 9‑кылымдын баш ченинен 847‑жылдын аралыгын камтыйт. Буга чейин жана андан ки­йинки мезгилди баяндаган кытай жазма булактарында «Ажо» аталышы кездешпейт. Кыя­зы, ушул кыска аралыкта Кыргыз мамлекетинин тышкы саясий даражасын даңазалатып, жакынкы коңшу өлкөлөр аны менен эсептешки­дей абалга жеткирген өкүмдарды калк кадыр­лап, «Ажо» деп атаса керек. Ажо кышында суусар бөрк, жайында төбөсү бийик шуштугуй, кыр­бусу кайрылып, жээги алтын менен кыргактал­ган баш кийим кийген. Ал Кыргыз мамлекетин ийкем жетектеп, бирден‑бир душманы болгон Уйгур кагандыгынын бийлигинен куткарган. Уйгурлардын алсырап баратканын сезген Ажо өзүн каган, түргөш тектүү жесир энесин – ханыша, насили карлук аялын – ханайым деп жарыя­лаган. Буга каарданган уйгур каганы кыргыз­дарга каршы ийгиликсиз аяктаган жортуул уюштурган жана бул эки мамлекеттин ортосун­дагы согуш 20 жылга жакын созулган. 840‑жылы Ажо 100 миңдей аскерин баштап, Уйгур каганды­гын басып алган. Ошол мезгилде Кыргыз мам­лекетинин күч‑кубаты артып, анын аскерлери чыгыш Маньчжурия, батыш Теңир‑Тоого чейин жеткен. Кыргыз калкынын бир бөлүгү батыш­ка оогон жана алар кийин азыркы кыргыз этно­сун түптөөгө негиз болушкан. «Ай деген ажо жок, кой деген кожо жок» деген ылакап кеп ошол замандан калган болсо керек.
М. Кожобеков.