АЛГАЗЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:02, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛГАЗЫ (Абылгазы) Шералы уулу ‒ 1824‒25-жылдары орус падышалыгына барган кыргыз элчилеринин бири. Бугу уруусунун белек уругунун таанымал бийи. Элчилик ишмердиги үчүн Александр тасмасына тагылган алтын медаль менен сыйланып, аны ага 1827-жылы апрелде Ысык-Көлгө келген А. Л. Бубенов тапшырган. к. Акымбек Олжобай уулу.