АНГИДРИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:52, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГИДРИТ – минерал, сульфаттар классына кирет. Химиялык формуласы Са(S04). Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү ак, бозомук, көгүш, кызгылт. Майда бүртүкчөлүү көгүш түрү вульпинит же бергам мрамору деп аталат. Айнек сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3–3,5, тыгыздыгы 2980 кг/м3. Салыштырма салмагы 2,8–3. Сууга тийсе ным тарткандыктан көлөмү 30% ке чейин чоңоюп, гипске айланат. Ангидрит негизинен чөкмө түрүндө, кээде гидротерм жолу менен пайда болот. Жер семирткич катарында, цемент даярдоодо жана кооздук үчүн майда буюмдарды жасоодо пайдаланылат.