АНГАРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:46, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГАРА (түркчө ангар – «жазы өрөөн», тунгус-манжур тилдеринде – жарака, капчыгай, шаңшаар) – Иркут облусу менен Краснояр крайындагы дарыя, Енисейдин суусу мол оң куймасы. Узундугу 1779 км, алабынын аянты 1040 миң км2. Байкал көлүнөн башталып, Сибирь бөксө тоосунун түштүгү аркылуу агып, ортоңку жана төмөнкү агымында трапптуу аймакты кесип өтөт. Башталгандан көп аралыкка чейин суу сактагыч каскаддары бар. Төмөнкү агымында Мур жана Стрелка босоголору (чатына жакын) шивералар, Мотыгино тушта (мында өрөөнүнүн жазылыгы 10 кмге жетет) аралдар көп. Негизги куймалары: Иркут, Ока (Ия менен), Кова, Тасеева (сол), Илим, Чадобец (оң). Орточо чыгымы башталышында 1920 м3/сек, чатында 5100 м3/сек. Суу сактагыч ноябрдан, төмөнүрөөгү октябрдын аягынан июнга чейин тоңот. Башталышынан тартып (ГЭС плотиналарында кез-кези менен) кеме жүрөт. Aнгарада Иркутск, Братск, Усть-Илимск, Богучанск ГЭСтери бар; боюнда Иркутск, Ангарск, Усолье-Сибирск, Свирск, Усть-Илимск шаары жайгашкан.