АНАДЫРЬ БӨКСӨ ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:22, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАДЫРЬ БӨКСӨ ТООСУ Түндүк-Чыгыш Сибирде, Анадырь дарыясынын жогорку агымында. Чукча автономия округунун аймагында. Түштүк-батыштан түндүк-чыгышты карай 400 кмге созулат. Бийиктиги 1185 мге чейин (Щучья чокусу). Жалпак чокулуу Эки-Суу аралары дарыя-өрөөндөрү менен бөлүнөт. Түндүк бөлүгүндө Эльгыгыттын көлү жайгашкан. Капталдарына бадалчалуу жана эңилчек мамык чөптүү тундра мүнөздүү. Бугу жайыты.