АНАДЫРЬ
Jump to navigation
Jump to search
АНАДЫРЬ – Россиянын түндүк-чыгышындагы дарыя. Узундугу 1150 км, алабынын аянты 191 миң км2. Анадырь бөксө тоосу жана Анадырь түздүгү аркылуу агат. Анадырь булуңундагы Онемен булуңуна куят. Орточо чыгымы 1680 0 м3/сек. Октябрдан майдын аягына чейин тоңот. Марков кыштагынан тартып кеме жүрөт (570 км). Төмөнкү агымында балык кармалат.