АЛАБУГАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:39, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛАБУГАЛАР (Pezca) ‒ балыктардын алабугалар тукумунун уруусу. Узундугу 50 смге, салмагы 2‒3 кгга жакын, көпчүлүгү ала көгүш келип, кабырчыктары жок. Анын 3 түрү (кадимки, балхаш жана сары Алабугалар) бар. Кадимки Алабугалар Евразиянын тузсуз сууларында кеӊири таралган. Кыргызстандын Чүй, Талас сууларында, Ысык-Көлдө жана ага куюучу сууларда кездешет. Ысык-Көлдө анын 2 түрчөсү жашайт. Апрель айында көл өсүмдүктөрүнө 10‒20 миӊдей уругун таштайт. Көлдө өскөн балыр, курт-кумурска, моллюска, үлүл, муунак буттуулар жана алардын личинкалары менен азыктанат. Ага балык уулоо жүргүзүлөт.