АЛА-ТОО УЮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:15, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛА-ТОО УЮ‒ сүт-эт багытындагы уй породасы. Тоо, талаа шартына көнүккөн, сүттүү, эттүү уй алуу максатында жергиликтүү инектерди швец жана кострома уйларынын букалары менен аргындаштырып, Кыргызстан менен Казак Республикасынын асыл тукум уй өстүрүүчү чарбаларында чыгарылган. Порода 1950-жылы бекитилген. Өӊү күрөӊ, денеси чымыр, башы чоӊ, кеӊ көкүрөк, өркөчү жазы, соорусу жайык, желини тегерек, эмчеги узун. Өркөчүнүн бийиктиги 129 см, дене узундугу 171см, көкүрөк курчамы 197 см, бутунун жоондугу 20см. Инегинин салм. 500‒600 кг, букасыныкы 800‒900 кг. Сүтүнүн майлуулугу 3,8‒3,9%, айрымдарыныкы 5%. Эти даамдуу. Негизинен Кыргызстан жана Казак Респликаларында асыралат. Кыргызстанда уй асылдандыруу жана колдон уруктандыруу станцияларында Ала-Тоо уюнун букалары пайдаланылат.
Ад.: Всяких Л. С., Пак Д. Н. Алатауская порода крупного рогатого скота. М., 1954; Дүйшекеев О. Ала-Тоо тукумундагы уйлар жана аны өркүндөтүү. Ф., 1972.

АЛА-ТОО УЮ31.png