АСЫЛ ЖАНА КООЗ ТАШТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:37, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ жаратылышта сейрек ж-а аз өлчөмдө кездешүүчү кымбат баалуу минералдар м-н тоотектер. Алардын баалуулугу жаратылышта сейрек учуроосу, издөө ж-а казып алуу үчүн көп жумуштун сарп кылынышы, кырдап жылмалоонун кымбаттыгы, о. эле ар бир таштын өзүнө тиешелүү сапаты, өлчөмү, бир түрдүүлүгү, өӊүнүн кооздугу д. у. с. белгилери м-н аныкталат.

А с ы л т а ш т а р г а түссүз же өӊү кооз, тунук, жалтырак, катуу ж. б. касиеттерге ээ минералдар, көбүнчө алардын кристаллдары кирет. Баалуулугуна жараша 3 класска бөлүнөт: алмаз, сапфир, рубин, изумруд, александрит, хризоберилл, асыл шпинель, эвклаз ж-а бермет (1-класс); топаз, берилл (аквамарин, воробьевит, гелиодор), кызгылт турмалин (рубеллит), фенакит, демантоид (урал хризолити), аметист, альмандин, пироп, уваровит, хромдиопсид, циркон (гиацинт, сары ж-а жашыл циркон), асыл опал (2-класс); бирюза, жашыл турмалин, кордиерит, сподумен (кунцит), диоптаз, тоо хрусталы, күӊүрт кварц (раухтопаз), ачык аметист, акакташ (сердолик), гелиотроп, хризопраз, чала опал, агат, талаа шпаттары (күнташ, айташ), содалит, пренит, андалузит, диопсид, гематит (кровавик), пирит, рутил, янтарь, агат (3-класс). Акыркы класстагылардын чандасы гана жогору бааланып, көпчүлүгү чала асылташ деп да аталат.
К о о з т а ш т а р г а ири көркөм кооздук (ваза, столещница, тамбоорунун панносу, мозаика ж. б.) оюу-чийүү орнаменттөө ж-а арх. көркөмдөө иштеринде, о. эле тех. пайдалануучу чала жалтырак (яшма, нефрит, малахит ж. б.) кооз оймо-чиймелери бар, көбүнчө тунук эмес минералдар м-н тоотектер кирет. Алар 3 класска бөлүнөт: нефрит, жадеит, лазурит, содалит, главколит, амазонит, лабрадор, орлец (родонит), малахит, авантюрин, кварцит (белоречит), күӊүрт ж-а кызгылт кварц, халцедон (перелифт, празем), агат, яшма, везувиан (калифорнит), жазуу гранити (1-класс); серпентин (змеевик), агальматолит, стеатит, селенит, ангидрит, обсидиан, мрамор оникси (чыгыш оникси), флюорит, таштуз (2-класс); гипс, алебастр, мрамор, порфир, брекчиялар, кварцит ж. б. (3-класс).
Кээ бир асылташтар жасалма ж-а синтетика лык жол м-н алынат. Мис., алмаз, изумруд, корунд (сапфир, рубин), шпинель, түссүз рутил. А. ж-а к. т-дын кендери темир м-н магнийге бай магмалык тоотектерде (алмаз, циркон, пироп ж. б.), минералдуу суунун чөгүндүсүндө (опал, тоо хрусталы, аметист, агат ж. б.), метаморфизмделген тоотектерде (рубин, сапфир, лазурит, гранат ж. б.) кездешет. Айрым асылташ тар орг. жол м-н пайда болот (бермет, акак, янтарь). А. ж-а к. т-дын кендери КМШ өлкөлөрүндө Урал (алмаз, яшма, малахит, мрамор, изумруд, топаз, аметист, бирюза, александрит ж. б.), Алтай (яшма), Байкал (лазурит), Чыгыш Саян (нефрит), Сибирь (мрамор, агат, халцедон, тоо хрусталы, аквамарин), Кавказда (мрамор, халцедон), Калининград обл-нда (янтарь), О. Азия (мрамор, тоо хрусталы) ж. б. жерлерде жайгашкан. Кырг-нда роговик (Сулууташ), аквамарин, изумруд (Күмүштаг), яшма (Арчалуу), мрамор оникси (Дөрө), мрамор (Арым) сыяктуу кооз таштардын кендери бар. Асылташтар негизинен ювелирдик, кооздук-көркөмдөө иштеринде ж-а техникада колдонулат (к. Алмаз). Рубин м-н сапфир саат жасоодо ж-а так механизмдерде, тунук кварц, турмалин атайын оптикалык приборлордо, радио өнөржайларында пайдаланылат. Агат, халцедон так таразалар м-н өлчөө куралдарынын айрым тетиктерин жасоого керектелет. А. ж-а к. т. илгертен эле үлүлдүн кабыгы, сөөк, мүйүз өӊдүүлөр м-н бирге мончок, тумар, шакек, билерик ж. б. үчүн кеӊири пайдаланылган. Азыр да алар майда пластика иск-восунда (глиптика, көркөм оюу, скульптура), мебелдерди инкрустациялоодо, вазалар м-н кутучалардын, шкатулкалардын бетин, бычак, айры, кашык ж. б-дын саптарын кооздоп жасоодо кеӊири пайдаланылат.
Ад.: Ферсман А. Е. Очерки по истории камня. Т. 1. М., 1954; Петров В. С. Драгоценные и цветные камни. М., 1963; аль-Бируни-Абу Рейхан Мухаммед ибн-Ахмед. Собрание сведений для познания драгоцен ностей (Минералогия). Л., 1963. Осмонбетов К. О. Асылташтар. Б., 1998. К. Осмонбетов.