АЛА-БУКА ЗАКАЗНИГИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:56, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛА-БУКА ЗАКАЗНИГИ ‒ Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы аӊчылык боюнча корук аймак. Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталында, Өрүктү, Ала-Бука, Чанач, Кызыл-Ата сууларынын алабында. Аянты 25 миӊ га. Азайып бараткан доӊуз, элик, тоо эчки, улар, чүткөр ж. б. коргоо жана көбөйтүү максатында 1973-жылы уюшулган.