АКЫМБЕК Олжобай уулу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:16, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЫМБЕК Олжобай уулу ‒ орус падышалыгына барган кыргыз элчилеринин (1824‒25) башчысы. Ал бугу уруусунун арык тукумунан чыккан. 19-кылымдын биринчи чейрегиндеги түндүк кыргыз коомчулугундагы саясий бытырандылык Ысык-Көл кылаасындагы бугу уруусундагылар үчүн Россияга элчилик жиберүүгө ыӊгай түзүп, уруу төбөлдөрү А. Олжобай уулун баш кылып, бугунун белек уругунан чыккан Алгазы Шералы уулу, желдеӊ уругунан Алымбек Жапалак уулу баштаган 8 адамды кат менен жиберишкен. Катта бугу уруусунун бийлөөчүлөрү орус кербендерин өз аймагында калкалап берүү милдетин алууга даяр экендигин билдиришкен. Элчилерди 1825-жылы 5-январда Омскиде Батыш Сибирь генерал-губернатору жылуу маанайда кабыл алып, сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктап, элчилер 50 адамдан турган казак-орус кошуунунун коштоосу менен эл-жерине аман-эсен кайтып келишкен. Акымбек элчилик ишмердиги үчүн Александр тасмасына тагылган алтын медаль менен сыйланып, аны 1827-жылы Ысык-Көлгө атайын келген А. Л. Бубенов тапшырган.