АКЧА- КРЕДИТ САЯСАТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:48, 21 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЧА-КРЕДИТ САЯСАТЫ – мамлекеттин ички экономикалык туруктуулугун жана өнүгүүнүн тең салмактуулугун сактоо максатында жүргүзгөн иш-чаралары. Акча-кредит саясатын Кыргыз Республикасынын Өкүмөтү менен Улуттук Банкы биргелешип жүргүзөт. Акча.-кредит саясаты милдеттемеде белгиленген ИДПнын өсүш темпине ылайыктуу камсыздоо максатында, Улуттук Банк акча массасын, инфляциянын өсүш темпин, баанын туруктуулугун, ошондой эле кредит ресурстарын жана проценттик ставкалардын керектүү деңгээлде каралышын белгилейт. Мындай саясаттын негизки багытын ачык рыноктогу операциялар, эсеп-кысап саясаты жана резервде накталай акчанын сакталып турушу аныктайт.