АСЫЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:37, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 5-жылга караган бодо мал. Аны А. чыкма, жаӊы А. же бир А. деп атаган; 6-жылга караганы эки А. деп аталган. Малдын жашын тиши аркылуу аныктоого болот. Көбүнчө жылкыга карата айтылат. Жылкы А. болгондо ортоӊку кашка тиши түшүп, анын ордуна туруктуу кашка тиши чыгат. Жылкынын жашы улам жогорулаган сайын анын тишиндеги чуӊкурлар жоюлат да, 10‒12 А-да кашка тиштери 3 бурчтуу формага айланат.