АЛЮМИНИЙ КЕНТАШТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЮМИНИЙ КЕНТАШТАРЫ – алюминий металлын алууда пайдаланылуучу тоо тектер. Табиятта алюминий 200ге жакын минералдын жана тоо тектин курамында кездешет.

Бирок алардын кээ бирөөлөрүнөн гана алюминий алынат. Алюминийдин негизги кенташы - боксит. Анын курамындагы алюминий кычкылы (А1203) 85%ке жетет. Кенташтан адегенде алюминий оксиди, андан кийин таза алюминий электролиттик жол менен бөлүнөт. Нефелиндүу сиенит жана нефелин-апатиттүү тоо тектерден, алунит, андалузит минералдарынан да алюминий алынат. Лейцит, лабродолит, анортозит жана силлиманиттүү, андалузиттүү, дистендүү сланецтер келечекте алюминий сырьёсу катары колдонулушу мүмкүн. Алюминий кенташтарынын (рудаларынын) ири кендери Россияда (Урал, Алтай жана Краснояр крайлары), Казакстанда, Америкада (Ямайка, Гайана, Суринам, Бразилия), Африкада (Гана, Гвинея),Францияда, Индияда, Норвегияда, Испания ж. б. жерлерде жайгашкан. Кырг-нда Сандык жана Зарделек нефелиндүү сиенит кендери бар.
Ад.: Кирпаль Г. Р., Теняков В. А. Месторождения алюминия // Рудные месторождения СССР. 2-изд. М., 1978., т. 1; Одокий Б. Н., Кондырева Г. X. Небокситовые виды алюминиевого сырья в СССР и зарубежом. М., 1978; Минеральное сырьё. Алюминий:Справочник. М., 1997.7.