АКУСТИКАЛЫК ЭЛЕКТР ЭФФЕКТИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:57, 21 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКУСТИКАЛЫК ЭЛЕКТР ЭФФЕКТИ ‒ ток өткөрүүчү чөйрөлөрдө (металл, жарым өткөргүч) таралуучу ультраүн толкундарынын эсебинен турактуу электр тогунун пайда болушу. Ал ультраүн толкун энергиясы жана импульсу чөйрөнүн өткөрүмдүүлүк электрондоруна берилишине байланыштуу. Бул учурда үндүн таралуу багытына туура келген электрондордун иреттелген кыймылы пайда болот. Жөнөкөй жарым өткөргүчтөрдө жана металлдарда Акустикалык электр эффекти анчалык күчтүү эмес, ал эми пьезожарым өткөргүчтөрдө (СdS, CdSe) эффект абдан күчтүү болот. Ошондуктан ал катуу нерселердеги ультраүндүн ургаалдуулугун өлчөөдө, жарым өткөргүчтөрдүн электрдик касиеттерин изилдөөдө колдонулат.