АКУСТИКАЛЫК АГЫМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:32, 21 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКУСТИКАЛЫК АГЫМ — чоӊ интенсивдүү үн талаасындагы чөйрөнүн үзгүлтүксүз агымы. Ак5устикалык агым бир тектүү эмес эркин үн талаасында, айрыкча андагы ар кандай тоскоолдуктардын жанында пайда болуп, дайыма куюн мүнөздө. Анткени толкундагы чөйрөнүн бөлүкчөлөрүнүн термелиши менен байланышкан жана аны менен таралуучу кыймыл саны толкун жутулганда чөйрөгө берилип, анын үзгүлтүксүз кыймылын пайда кылат. Ошондуктан Акустикалык агым ылдамдыгы үндүн жутулуу коэффициентине жана анын интенсивдүүлүгүнө көз каранды, бирок үн толкунундагы бөлүкчөлөрдүн термелүү ылдамдыгынын чоӊдугунан ашпайт. Акустикалык агым бир тектүү эмес үн талаасындагы агып туруучу толкун агымы, тоскоолдукка жакын чек аралык катмардагы агым болуп үч типке бөлүнөт. Акустикалык агым техникада жана технологияда пайдалуу.