АКТИНОЛИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:56, 20 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

[АКТИНОЛИ́Т]

АКТИНОЛИТ (актиножана гр. lithos ‒ таш), н у р л у у т а ш ‒ амфиболдор тобундагы минерал. Хим. формуласы Ca(Mg,Аe2+) (Si4O11)2(OH) 2.. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өӊү жашыл, айнек сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5,5‒6; с. салм. 3,1‒3,3. А. ‒ метаморфизмделген сланецтерди, скарндарды түзүүчү минералдардын бири. Тал-тал ичке булалардан турган түрү ‒ актинолит-асбест (амиант), майда кристаллчалардан түзүлгөн тыгыз түрү нефрит (жад) деп аталат. Нефрит кооздук таш катары колдонулат, актинолит-асбесттен отко, кислотага чыдамдуу материалдар жасалат.