АКТИВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:54, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКТИВ (лат. activ ‒ иштиктүү) ‒ 1) кандайдыр бир уюмдун, коллективдин абдан алдыңкы, иштемдүү адамдары; 2) бухгалтериялык баланстын бир тарабы; мында ишканага, фирмага тиешелүү матералдык жана материалдык эмес баалуулуктар акчалай туюнтулуп, алардын отчёт мезгилинин башындагы жана аягындагы курамы, жайгаштырылышы жана пайдаланышы көрсөтүлөт, ошондой эле к. Пассив; 3) баланстын айрым түрлөрүндө (мисалы, активдүү төлөө балансында) чыгашадан кирешенин көбүрөөк болушу.