АКСЫКЕНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:57, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКСЫКЕНТ ‒ байыркы шаар. 10-кылымда Фергана өрөөнүнүн борбору, Бабурдун тушунда Ферганадагы чоӊдугу жагынан 2-шаар болгон. Аксыкент шаарынын калдыгы Сыр-Дарыянын оӊ жээгинде, азыркы КР менен чектешкен Өзбек Республикасынын Наманган шаарынын жанындагы Шаханд кыштагынан табылган. Анын чеби, шахристаны, рабаты жана чоӊ базары болгон. Байыркы Эски Ахси, монголдор мезгилине чейинки жана Амир Темирдин тушундагы Жаӊы Ахси шаары ар түрдүү убакта бөлөк-бөлөк курулса да, жалпы жонунан Аксыкент деп аталган. Шаар соода-сатык, илим-билимдин да борбору болгон. Орто кылымдагы тарыхчы Сайф ад-Дин Аксыкенти (Мажму-ат-Таварихтин автору) ушул шаарда туулуп өскөн. 1510-жылы жер титирөөдөн кыйрап, калкы анын жанындагы Намак айылына көчүп кеткен, кийин анын ордуна Наманган шаары пайда болгон.
З. Э. Эралиев.