АСФАЛЬТ-БЕТОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 , а с ф а л ь т б е т о н у ‒ шагыл, кум, минерал күкүмүнүн (майдаланган акиташ, доломит ж. б.) битум м-н болгон аралашмасынан алынган курулуш текзаты (материалы); аралашмага шагыл кошулбаса, асфальт эритмеси деп аталат. Ал даярдалышына ж-а төшөлүү учурундагы темп-расына карай ы с ы к (120°Сден жогору), ж ы л у у (50‒100°С), м у з- д а к (5°Сден кем эмес) болуп бөлүнөт. Бул түрү сактоочу жайда 8‒10 ай сакталат. А. б-го суу жукпайт ж-а өтпөйт. ‒15°Сде анын бышыктык чеги 15‒20 МПа, 20°Сде 2‒3 МПа, 50°Сде 0,8‒1,2 МПады түзөт. Климаттын өзгөрүшүнөн

ж-а эксплуатациялоо факторлорунан А-.б. эскирип, коӊторулууга дуушарланат. Азыркы технология б-ча рециклер машинасы аны регенерациялайт, б. а. коӊторулгандарын экинчи ирет кайра иштетет. Автомобиль жолу, жанжол, аэродром ж-а көпүрөлөргө, өнөр жай имаратта рынын таманына төшөлөт. Битумдун илээшкек тигине (жакшы, начар, суюк) ж-а төшөлүү учурундагы темп-расына карай ы с ы к (120°С), ж ы л у у (40‒80°С), м у з д а к (10°), кошула турган техзаттын кесектиги б-ча к е с е к, о р- т о ж-а м а й д а д а н д у у, о. эле к у м д у у А.-б. болуп ажыратылат.