АЛМА-БУЛАК МОЛИБДЕН ЖАНА СУРЬМА КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПМА-БУЛАК МОЛИБДЕН ЖАНА СУРЬМА КЕНИ Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда, Терек-Сай кыштагынан түштүк-чыгыш тарапта, Чаткал кырка тоосунун түштүк капталында. Кен 1950-ж. табылып, геологиялык маалымат берилген. Кен аймагын палеозойдун башталышында пайда болгон слюда-кварцтуу сланец жана аны жиреп чыккан аплит сымал плагиогранит тектери түзөт. Булар тектоникалык жаракалар менен тилмеленген. Кен негизинен жаракалардын кесилишкен жеринде жайгашкан. Жараканы бойлой гидротермдин таасиринен өзгөрүп, кварцташкан, пириттешкен, чанда серпентиндешкен тилкелер жатат. Жаракалардын кесилишинде молибден кенташ (руда) тарамдарынын калыӊдыгы 0,6‒0,8 м, узундугу 15 мге чейин. Негизги минералдары: молибденит, антимонит, галенит, цинк, арсенопирит ж. б. Кенташтар текстурасы боюнча сепкилдүү-чачыранды, брекчия сымал, темгилдүү болуп бөлүнөт.