АГРОКЛИМАТОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:43, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГРОКЛИМАТОЛО́ГИЯ (агро..., жана гр. klima ‒ климат, logos ‒ илим), а й ы л ч а р б а к л и м а т о л о г и я с ы ‒ айыл чарба өндүрүшүнүн бир фактору катары климатты изилдөөчү илим; климатологиянын бир бөлүгү. Жер кыртышы жана анын асылдуулугу, суу ресурстары, өсүмдүктөр климатка жараша болот. Ошондуктан айыл чарбасын адистештирүүдө климаттык шарт эске алынат. Агроклиматологиянын милдеттерине: климатка айыл чарба жагынан баа берүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүн, малдын түрлөрүн рационалдуу жайгаштыруу максатында жерлерди агроклимат боюнча райондоштуруу; аба ырайынын катаал шарттарынан сактануу жолдорун иштеп чыгуу ж. б. кирет. к. Айыл чарба метеорологиясы.