АКИХИТО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:46, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКИХИТО (23. 12. 1933‑жылы т.уулган, Токио) – Япония­нын 125‑императору (1989–2019). Император Хирохитонун тун уулу. 1952‑жылы мураскор принц деп жарыяланган. 1956‑жылы Гакусюин универстетинин саясий илимдер жана экономика факультетин бүтүргөн, андан сырткары атасы сыяк­туу эле деңиз биологиясын изилдеген. Акихито ихтио­логия маселелери боюнча илимий макалалардын, Япониянын балыктары жөнүндөгү эмгектин авто­ру. Линнейдин Лондон Коомунун (1986), лон­дондук Зоологиялык коомдун (1992) жана Арген­тинанын Табигый илимдер изилдөө институтунун (1997) ардактуу мүчөсү.