АЛЕКСЕЕВКА
Jump to navigation
Jump to search
АЛЕКСЕЕВКА ‒ Чүй облусунун Жайыл районундагы кыштак. Жайыл айыл аймагынын борбору. Бишкек ‒ Ташкент автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 780 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кара-Балта шаарынан 5 км батыш тарапта. 1901-ж. отурукташкан. Калкы 5576 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, амбулатория, клуб, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.