АКАДЕМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:21, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКАДЕМИЯ (лат. Academia) – илимий мекемелер­дин жана жогорку окуу жайларынын аталышы. «Академия» сөзү б. з. ч. 380‑жылдар ортосунда Платон фи­лософиялык мектепти негиздеген Афиныга жакын жер­ге берилген мифтик каарман Академдин аты­нан келип чыккан. Эллинизм доорунда академияга окшош илимий коомдор (Александрия Мусейону, б. з. ч. 3‑кылым) пайда болгон. Орто кылымда Чыгышта Багдадда «Акылмандык үйү» (9‑к.), Хорезмде «Мамун академиясы» (11‑кылымдын башталышы), Марата (13‑кылым), Самарканд (15‑кылым) обсерватория­ларынын алдындагы илимий коомдор белгилүү бол­гон. Европада 15‑16‑кылымдарда көбүнчө гуманитардык багытта иш жүргүзгөн Италиянын түрдүү илимий коомдору да академия деп аталган. 17‑кылымда табигый илимдердин проблемалары көңүл борборунда болгон бир нече илимий коомдор – А. иштеген. 17­-кылымдын экинчи жарымынан тартып, мамл. бий­ликтин колдоосу менен Академия улуттук илимий борборлор катары Лондон Королчулук коому (1660), Па­рижде ИА (1966), Берлинде Пруссия ИА (1700), Петербургда ИА (1724) ж. б. түзүлө баштаган. 1783‑1841‑жылдарда Россияда ИАдан тышкары орус тилин жана көркөм чыгармаларды изилдөө иш­терин жүргүзүүчү Россия Академиясы болгон. Комплекстүү типтеги академиялар (же аларга окшош мекемелер) дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө (Берлин ­Бранденбург илимдер академиясы, Дания Ко­ролчулук илимдер академиясы, Россия илимдер академиясы ж. б.) иштейт. Улуу Британияда 18­-кылымдын аягынан Академия ролун Лондон Королчулук коо­му, Францияда – Франция институту, Италия­да – дея Линчея улуттук академиясы, Испания­да – Испан королчулук академиясы; Азия жана Аф­рика өлкөлөрүндө – Индия улуттук академиясы (1935), Каирдеги Египет институту (1798‑ж. негизде­лип, 1859‑ж. кайра түзүлгөн) ж. б. аткарган. Көп өлкөлөрдө тармактык академиялар (же аларга окшош мекемелер) бар: РФда – Россия көркөм сүрөт академиясы, Россия билим берүү акаде­миясы, Россия медицина илимдеринин ака­демиясы ж. б.; Германияда – «Леопольдина», Немец илимий-изилдөө коому, Макс Планк атындагы коом ж. б.; Данияда – Дания техникалык илимдер акаде­миясы; Францияда – Илим изилдөөнүн улут­тук борбору, Франция академиясы ж. б. Кыргызстанда А. 1954‑жылы Фрунзеде (азыркы Биш­кек ш.) СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын базасында негизделген, учурда Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер акаде­миясы статусун алган. Мамлекеттик академиялар менен бирге Кыргызстанда Айтматов академиясы, Көркөм сүрөт улуттук академиясы, Билим берүу академиясы бар. Академияга мүчөлүктүн категориялары (академик, корреспондент мүчө) жана өзгөчө (академиялык) наамдар (ардактуу академик, чет өлкөлүк мүчө ж. б.) каралган.

М. Оморов.