АК ТАШ АКИТАШ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:49, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ТАШ АКИТАШ КЕНИ Баткен облусунун Кадамжай районунда, Алай кырка тоосунун түндүк этегинде. 1968-жылы ачылган. Кен аймагын силур мезгилинин чөкмө тоо тектери түзөт. Акиташ теги сланец тектеринин арасында жайгашкан. Узундугу 3,5 км, калыӊдыгы 80 мдей. Ак, кара түстө. Суукка чыдамдуу, жүк көтөрүмдүүлүгү жана кысууга жөндөмдүүлүгү жогору. Запасы 1 млн м3. Дубалды каптап кооздоого жарамдуу.