АК-САЙ - Ат-Башы районундагы суу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК-САЙ ‒ Ат-Башы районундагы суу, Какшаал дарыясынын негизги түзүүчүсү. Ички Теӊир-Тоодогу Ак-Сай өрөөнү аркылуу агат. Узундугу 96 км, алабынын аянты 7440 км2. Ат-Башы кырка тоосунун түштүк капталындагы мөӊгүлөрдөн башталып, адегенде ‒ Кеӊ-Суу, оӊ тараптан Терек суулары кошулган соӊ, Ак-Сай деп аталат. Ак-Сай өрөөнү аркылуу чыгышка карай агып, Мүдүрүм жана Көк-Кыя суулары кошулуп, Какшаал дарыясын түзөт. Куймалары: Кызыл-Суу, Кош-Кара-Таш, Муздабас, Жол-Богошту (сол), Терек, Текелик, Кулжа-Башы (оӊ). Нугу башынан аягына чейин дээрлик кенен (100‒1000 м), суусу салаалап жай агат. Июль, август айларында кирип, сентябрда тартыла баштайт. Жылдык орточо чыгымы 9,3 м3/сек; эӊ көбү ‒ 20,5 м3/сек, эӊ азы ‒ 3,26м3/сек. Алабында жалпы аянты 120,9 км2 келген 93 мөӊгү бар. Боюнда Тармал-Саз кыштагы жайгашкан.