АК-МОЮН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:37, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-МОЮН, А р а ш а н – Нарын облусунун Ат-­Башы районундагы кыштак. Ак‑Моюн айыл аймагы­нын борбору. Ат‑Башы суусунун оң куймасы – Боронду суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2294 м бийиктикте жайгашкан. Райондун бор­бору Ат‑Башы кыштагынан 23 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 270 км. 1930‑жылы отурукташкан. Калкы 1801 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ки­тепкана, ФАП, маданият үйү, универмаг, турмуш­-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Кыш­такта Социалисттик Эмгектин Баатырлары А. Сейитбекова, А. Койчуманов туулган.