АЛАЙКУУ КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:12, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛАЙКУУ КЫРКА ТООСУ түштүк-батыш Теӊир-Тоодо. Чыгышынан Фергана тоо тизмеги, батышынан Көк-Суунун алабы, түндүгүнөн Алайкуу өрөөнү, түштүгүнөн Кара-Чал тоосу менен чектешет. Эркеч, Саба-Жарды, Туюк-Кайыӊды, Көл-Кайыӊды, Айры-Таш, Кыздар, Кемпир, Боор-Албас жана Үч-Казык тоолорунан турат. Узундугу 70 км, эӊ жазы жери 45 км. Орточо бийиктиги 4190 м, эӊ бийик жери 5300 м (Манастын ээри чокусу). Рельефи татаал, тоо тармактары тектоникалык жаракалар менен бөлүнгөн. Тармактары батыш тарабында узун (15‒20 км), чыгышында кыска (5‒10 км), капталдары жазы жана айдөш. Негизинен палеозой менен бор мезгилиндеги акиташ теги, сланец, бир аз гранит, мрамор, конгломерат ж. б. тектерден түзүлгөн. Азыркы мөӊгүлөр Кыздар, Кашка-Суу, Манастын ээри, Ой-Бала, Эркеч, Ак-Эчки жана Көл-Кайыӊды тоолорунда кездешет. Шалбаалуу талаа, токойлуу шалбаа, токой,субальп, альп шалбаасы, 3900 м бийиктиктен жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Кырка тоолор жайкы жайыт.