АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН АВТОМАТТАШТЫРУУ
АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН АВТОМАТТАШТЫРУУ – өндүрүштүк процессте прибор жана машинаны колдонуу. Бул процессте адам текшерүүчү ролду гана ойнойт. А. ч. жумуштарын автоматташтырууда эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт. Анын негизин электрондук аппараттар, жөнгө салгычтар, текшерүүчү‑өлчөөчү приборлор түзөт. А. ч‑сын комплекстүү механикалаштыруу жана электрлештирүү ага толук шарттарды түзөт. Автоматташтыруу, айрыкча мал чарбасында, канаттуулар чарбасында жана үрөн тазалоо жумуштарында колдонулууда. Бул тармактарда автоматташтыруу үч багытта өнүккөн: электр машиналарын кеңири колдонуу менен бардык технол. процесстерди байланыштырып иштетүү; микроклиматтын тийиштүү көрсөткүчтөрүн (аба темп‑расын, нымдуулугун, газдын курамын, жарыкты) камсыз кылуучу механизмдерди колдонуу; башкаруучу системаларды долбоорлоо. Үрөн пункттарында электр кыймылдаткычтарын аралыктан башкаруу, машинага жүктөө, кампадагы үрөндүн темп‑расын жана нымдуулугун текшерүү, өлчөө ж. б. жумуштар автоматташтырылган. Сугат ишин автоматташтыруу менен сууну үнөмдөөгө, иштеген адамдардын санын кыскартууга, түшүмдүүлүктү жана эмгек өндүрүмдүүгүн жогорулатууга жетишүүгө болот. Диспетчердик башкарууда автоматташтыруу өтө маанилүү. Мында машина‑трактордук парктын иштеши, жүк ташуу жумуштарынын аткарылышы 20‑30%ке жакшыртылат. А. ч. ө. а‑нун өзгөчөлүктөрү технол. процесстерге техникадан тышкары топурактын, малдын ж. б. катышуусу менен мүнөздөлөт, б. а. биол. процесстерди эске алууга туура келет. Мындан тышкары а. ч. өндүрүшүнүн мезгилдик мүнөзү, ачык асман астында жайгашуусуна жана бууланууга көңүл бурулат. Ы.Ж. Осмонов.