АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:54, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИ – КРдин жер фонду­суна кирүүчү, айыл чарба муктаждыктары ж. б. мак­саттар үчүн бөлүнгөн жер участкалары. Айыл чарба. жеринин укуктук абалы КРдин Конституциясы, Жер кодекси ж. б. нормативдик укуктук акты­лар менен жөнгө салынат. Бул багыттагы жерлер азык‑түлүк өндүрүү үчүн пайдаланылуучу айдоо аянттары, көп жылдык өсүмдүктөр өстүрүлгөн жерлер, шалбаалар, чабындылар, жайыттар жана өндүрүштү уюштурууга, жүргүзүүгө зарыл түрдүү курулуштарды, коомдук, турак жай има­раттарын курууга керектелүүчү аянттар болуп бөлүнөт. Мындай жерлер мамлекеттик жана КРдин жа­рандарынын менчигинде боло алат. Чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жарандар, ошондой эле жаранды­гы жоктор жерди мөөнөттүү пайдалануу укугу­на ээ. Жайыттар мамлекеттин менчигинде гана болгондуктан, жер пайдалануучуларга мөө­нөттүү пайдаланууга берилет. Айыл чарба багытында­гы жерлер башка максаттар үчүн пайдаланыл­байт. КРдин мыйзамдарында каралгандан сырт­кары айдоо аянттардын, жүзүмзар, мөмө бак­тар ж. б. жерлердин аянтын азайтууга жол бе­рилбейт. Айыл чарба жерлерин айыл жергесинде эки жыл­дан кем жашабаган жана он сегиз жашка чык­кан КРдин жарандары гана сатып алууга акы­сы бар. Айыл чарба багытындагы жерлерди банктар жана атайын финансы‑кредиттик мекемелер гана күрөөгө (залог) алат. Жер ээлери жана пайдала­нуучулар жергиликтүү шарттарды эске алуу менен илим­дин, алдыңкы тажрыйбанын жетишкендикте­ринин негизинде жерди туура, сарамжал пай­далануу, кыртыштын асылдуулугун жогорула­тууга жана эрозия болушуна, шорго же сазга ай­ланып кетишине, кум басышына, отоо чөптөр менен зыянкечтерге каршы күрөшүүгө милдеттүү.

                                                                                                 Б. Рысмендеев.