АЙШАБҮБҮ КҮМБӨЗҮ
АЙШАБҮБҮ КҮМБӨЗҮ – орто кылымга (12‑кылым) таандык архитектуралык эстелик. Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Тараз (мурунку Жамбыл) шаарына жакын жердеги Айшабүбү айылында жайгашкан. Бул көөнө эстеликти алгач 1897‑жылы В. А. Каллаур, кийин 1938–39‑жылдары А. Н. Бернштам, 1953‑жылы Казакстан ИАнын археологиялык тобу изилдешкен. Сырткы көрүнүшү төрт чарчы келип, бурчтары мунара сыяктуу жумуру (түркүк сымал) жана бийик, төбөсү кумпа (казанбак сымал салынган). Күмбөз бышкан кыштан курулуп, маңдай жагы ар кандай айбанаттардын сүрөттөрү жана оймо‑чиймеленген жазуулар менен кооздолгон. Айшабүбү белгилүү тарыхый инсан – Карахандын аялы болгондуктан, күмбөздү Карахан салдырткан деген маалыматтар да бар. Айшабүбү күмбөзү Казакстан Республикасынын тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине киргизилип оңдолуп, калыбына келтирилип, мамлекеттик корукка алынган.
Ш. Керимова.