АЙГҮЛ
АЙГҮЛ, э д у а р д ч а а р г ү л ү \Petilium eduardii (A. Regel ex Lozinsk) Vved.] – лилия гүлдүүлөр тукумундагы пияз түптүү өсүмдүк. Көп жылдык поликарптык эфемероид. Пияз түбү саргыч, ичи күңүрт‑боз, сырты кабыкчалуу, жытсыз, ири жумуру, тоголок сымал, калыңдыгы 4–9 см. Сабагы тик, түксүз, бийиктиги 3795 см, бир кылка, орто чени жалбыраксыз, сабактагы жалбырактары ачык жашыл, узун ланцеттүү, сабагынын жарымын курчаган, учтуу, төмөнкү жалбырактарынын узуундугу 10‑15 см, туурасы 5‑12 см, гүл жан жалбырактары сабактагыларынан ичке жана кыска, сызыктай, чокусунда чатырча топ гүлү бар. Гүлдөп турган өсүмдүктө 20‑40 сабагы жана 5‑25 чоку жалбырактары, гүл тобунда 15ке чейин (көбүнчө 4-5) гүл болот; гүл коргону ачык кызыл, жазы коңгуроодой, узундугу 4,5‑6,5 см, узунча‑ланцеттүү. Мөмөсү – кургак кутуча, уз. 6‑7 см, уругу майда, күрөң. Пияз түбү 15‑30 см терендикке чейин өсүп, кар кеткенде тез эле өнүп чыгат. Марттын башынан майдын аягына чейин гүлдөп, бир гүлү 15 күнгө чейин турат. Тажикстан, Өзбекстан,Түндүк Афганстан, Кашмир (Индия) жана Кыргызстанда кездешет. Кыргызстанда Түркстан тоо кыркасында (Айгүл-Таш тоосунун түндүк капталында, Козулан-Ташта жана Баткен шаарынын түштүк чыгышында, Исфара суусунун алабында, Лайли‑Мазар суу-
сунун сол жээгиндеги капчыгайда) өсөт. Айгүл өскөн аймактарга «улуттук парк» деген статус берип, аны коргоо боюнча кеңири түшүнүк иштерин жүргүзүп, пияз түбүн казып алууга жана мал жаюуга тыюу салып, ботаникалык бакта өстүрүлүшү керек. Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.
К. Т. Шалпыков.