АЙГЫР ЖАЛ өсүмдүгү
14:09, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (Temirkan moved page АЙГЫР ЖАЛ 1 to АЙГЫР ЖАЛ өсүмдүгү) тарабынан жасалган версия
АЙГЫР ЖАЛ (Leucopoa) – дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жылдык ири, нык түптүү өсүмдүк. Толук эки үйлүү эмес, биринде аталыктары, экинчисинде энеликтери жана мөмөлүгү толук өрчүп жетилбеген. Сабагы 2 мге чейин. Жалбырактары узун, тасмадай. Кыргызстандын бийик тоо кыркаларынын шагыл‑таштуу жерлеринде 2 түрү кездешет. Топ гүлү – татаал машак. Чөбү ката электе жылкыга жакшы тоют. Жалбырактары түшпөйт, кышында кой‑эчки, жылкы оттойт, бирок анын түбүндө ала курттун жумурткалары кышташы мүмкүн. Ошондуктан андай кыштоолордо койлорду кармоого болбойт. Орто Азияда, Ыраакы Чыгышта өстүрүлөт. Кыргызстандын түштүгүндө эгилет.
Э. Б. Капарова.