АЗЫКОВА Эмилия Кулиевна
АЗЫКОВА Эмилия Кулиевна (29. 10. 1935, Фрунзе шаары – 29. 12. 2003, Бишкек) – география илимдеринин доктору (1994). 1958‑жылы М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин география факультетин бүтүргөндөн кийин, Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын Тянь‑Шань (учурда Теңир-Тоо) бийик тоолуу физикалык география станциясында лаборант, жетектөөчү илимий кызматкер болуп иштеген. 1989‑жылдан Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын Геология институтунда лаборатория башчысы. Палеогеография, физикалык география, ландшафт таануу боюнча 90дон ашык илимий эмгектин, анын ичинде 5 монографиянын авторлошу. Анын эмгектери Москва, Санкт‑Петербург ж. б. шаарлардан жарык көргөн «Кыргызстандын аймагынын ландшафты» жана «Жаратылышты коргоо» карталарынын автору.
Эмг.: Особенности формирования современных споровопыльцевых спектров Иссык‑Кульской котловины. В кн. Физическая география Прииссыккулья. Ф., 1970 (соав.); Озеро Иссык‑Куль (очерки по физической географии). Ф., 1978 (соав.); Атлас Кыргызской ССР. Т. 1., Раздел «Ландшафты». М., 1987; ККИПР (космос). Ландшафтная карта. Масштаб; 1:500 000. М., 1989.
С.М.Ахмедов.