АЗЫК-ТҮЛҮКТҮ ТОҢДУРУП КУРГАТУУ
Jump to navigation
Jump to search
АЗЫК-ТҮЛҮКТҮ ТОҢДУРУП КУРГАТУУ, с у б л и м а ц и я – азык‑түлүктөгү музду (нымды) суюктукка айландырбастан, түз эле буулантуу процесси азык‑түлүктөгү ферменттерди, витаминдерди жана түрдүү экстракт заттарын сактап калуу үчүн аны тоңгон абалда кургатуу талап кылынат. Бул процесстин жүрүшүндө азык‑түлүк 0°С темппературада, 4,5 сым. мам. ммге барабар басым астында тоңдурулуп, анан түз эле бууландырылат. Мындай азык‑түлүктүн даамы, түсү бузулбастан көпкө сакталат. Бул ыкма тамак-аш өнөр жайында, биологияда жана медицинада колдонулат.