АЗХАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:59, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗХАР ал‑Азхар (ар. ал‑Жами ал-­Азхар – жаркыраган мечит) – Каирдеги ислам диний окуу жайлар комплекси; университет. 970–972‑жылдары фатимиддер халифи ал‑Муизздин тушунда курулган. Ошол мезгилден негизинен куран таануу, хадис таануу, мусулман укугу ж. б. окутулат. 18‑кылымдан университет мусулман өлкөлөрүнөн келген студенттер билим алган ири диний, ма­даний борборго айланып, Каир жана Мисирдин (Египет) тарыхында идеологиялык, саясий жактан маа­нилүү роль ойногон. 20‑кылымдын башында Азхардын окуу программаларында, окуу процессинде жана ички түзүмүндө бир топ реформалар жүргүзүлгөн. 1960‑жылы диний эмес факультеттер да ачылган. 21‑кылымдын башында Жогорку окумуштуулар кеңеши, Ислам изилдөө академиясы жана дин таануу, мусулман укугу, адабият, административдик иштер жана соода, инженер­дик, айыл чарба, медицина, педагогика жана кыз‑келиндер факультеттери (бардыгы - 9) ачылган. Университетти ректор (Азхар шейхи) жетектейт. Азхарда 20 минден ашуун кол жазмалар­дын жана китептердин бай жыйнагы топтолгон. Өз журналын («Мажаллят аз‑Азхар» – «Азхар журналы»), программаларын чыгарып турат. Бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн дин кызматкерле­рин даярдоочу ири борбор катары эсептелет.