АЗЕРБАЙЖАН ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 4 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗЕРБАЙЖАН ТИЛИ (азери) – Азербайжан Республикасынын мамлекеттик тили; жергиликтүү калктын жана Иран, Ирак, Афганистан, Грузия, Армения, Дагестан жана Орто Азия республикасында жашаган азербайжандар­дын тили. Түрк тилдеринин түштүк батыш же огуз тобуна кирет. 7–11‑кылымдарда түрк тилдүү уруулар­дын (огуз, селжук) Азербайжан жерине кели­ши менен жергиликтүү элдердин мурда колдонгон тилде­ри сүрүлүп, 11–13‑кылымдарда жергиликтүү элдердин оозеки тили түрк тили болуп, ал азербайжан адабий тили катары калыптана баштаган. Азербайжан тилинде 4 диалек­тилик топ белгиленет: чыгыш тобу, түштүк тобу,

АЗЕРБАЙЖАН ТИЛИ27.png

батыш тобу, түндүк тобу. Азербайжан адабий тили шемахи жана бакы диалектилеринин неги­зинде 19‑кылымда калыптанган. Азербайжан тилинин өзүнүн грам­матикалык лексикалык белгилери боюнча азыркы түрк, түркмөн, гагауз, б. а., огуз тобундагы тилдерге жакын. Кээ бир фонетикалык өзгөчөлүктөрү боюнча ногой, кумык, өзбек тилдери менен да жа­кындашат. Азербайжан тилинде 9 үндүү, 23 үнсүз тыбыш бар. 1929‑жылга чейин араб графикасын колдонгон, ошол жылдан латын, э, ө, ү тамгаларын кошумчалап, 1940‑жылы орус графикасына өткөн. Азыр кайрадан латын графикасын колдонушат.