АЖЫРАШ АЯК
Jump to navigation
Jump to search
АЖЫРАШ АЯК – кыргыздардагы конуш которуп, бир жакка көчөрдө коңшуларын чакырып, колунда болгон тамак‑ашын берип, коштошуп кетүү салты. Ажыраш аяк берип жаткан киши алар менен кошуна турган мезгилде өөдө‑төмөн болгондорду кечирүүнү, жаманды ичке сактап, жакшыны сыртка чыгарууну өтүнгөн. Ажыраш аяк берген адамды кошуналар жаңы жерге чейин көчүрүшүп, жайгаштырышып келишкен. Ажыраш аяк бербей көчүү коңшуларын сыйлабагандык, теңсинбегендик, таарынгандык, коңшу турууга татыксыз деп эсептегендик, а түгүл касташкандык болуп саналган. Бүгүнкү күндө да эл арасында Ажыраш аяк берүү салты сакталып калган.