АЖИБЕКОВА Клара

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:00, 4 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЖИБЕКОВА Клара (19.12.1946‑жылы туулган, Нарын шаары) – философ, философия илимдеринин доктору (1991), профессор (1993). КММИни бүтүргөн (1970). 1970–83‑жылдарда КМУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1983–95‑жылдары Кыргызстан КП БКнын лектору, Саясий агартуу үйүнүн башчысы, Кыргызстан КП БКда бөлүм башчынын орун баса­ры, Политология жана социалдык башкаруу институтунун ректору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Башкаруу институтунда, Орус тили жана адабиятт педагогикалык институтунда, БГУда кафедра башчысы, 1992‑жылдан Кыргызстан КП БКнын 1‑секрета­ры болуп иштеген, 1993‑жылдан КРСУда психология жана философия кафедрасынын профессору. Анын эмгектери коомдук турмуштун оор­чулук учурунда жаштардын диний жана атеист­тик түшүнүктөрдүн механизмин изилдөөгө, илимий-техникалык революция шартында адамдын рухий эколо­гиясынын бузулуп баратышынын философиялык масе­лелерин иликтөөгө арналган. 120 илимий эмгектин (анын ичинде 7 монография, 3 окуу куралы – авторлош) автору.

Эмг.: Молодёжь и проблемы психологии, религии и атеизма в условиях современной НТР. Ф., 1989.