АЖАРЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:47, 4 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЖАРЛАР (өздөрүн ачарели деп аташат) – Ажар Автономия Республикасындагы грузиндердин этностук тобу. Саны 500 миң адам (2010). Грузин тилинде сүйлөшөт. Ажарлар грузин, Византия жазма маалыматтарына караганда 10‑кылымдан белгилүү. Алар б. з. ч. 6‑4‑кылымдарда Колхида, кийинче­рээк Иберия падышачылыгынын, б. з. 4‑кылымда грузиндердин мамлекеттик бирикмеси – Лазиканын бир бөлүгү болгон. 4‑кылымда Aжарларда христиан дини та­раган. Алгач селжуктар (11‑кылым), кийин түрктөр (16‑кылым) басып алган мезгилде Ажарлар ислам динин кабыл алган.

Улуттук му­зыкалык аспа­бы – чибониде күү чалууда.

Алар өз эркиндиги үчүн түрктөргө каршы бир нече жолу көтөрүлүшкө чыгышып, орус‑түрк согушунан кийин (19‑кылым) Грузиянын курамына кошулган. 1990‑жылы Ажар автономия республика болуп түзүлдү. Ажарлар негизинен мал чарбачы­лык жана дыйканчылык менен кесип кылышат.




Ш. Керимова