АК НИЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:45, 1 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК НИЛ (арабча Бахр‑эль‑Абьяд) – Нил дарыясынын Судандагы (Эль Газалдын чатынан Көк Нилдин чатына чейинки) аталышы. Узундугу 957 км, алабынын аянты 1059 миң км2. Сол куймасы Собат дарыясы киргенде сууга бозомтук түс берүүчү көптөгөн агындыларды агызып келгендиктен Ак Нил деп аталып калган. Хартум шаары туштагы орточо чыгымы 808 м3/сек. Кеме жүрөт.