АК ДЕҢИЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:13, 1 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК ДЕҢИЗ – Түндүк Муз океанындагы ички де­ңиз. Кола жана Канин жарым аралдарынын аралыгында. Түндүгүнөн Горло жана Воронка кысыктары ар­кылуу Баренц деңизи менен туташат. Аянты 90 миң км2. Эң терең жери 350 м. Түндүк-батыш жээ­ги бийик жана аскалуу, түштүк-чыгыш жээги жан­тайыңкы, жапыз. Ири булуңдары: Мезень, Дви­на, Онега, Кандалакша. Эң ири аралдары: Со­ловец, Мудьюг, Моржовец. Түндүк Двина, Мезень, Онега, Выг, Нива ж. б. дарыялар куят. Суусу­нун температурасы жайында 6°Сден 15°Сге чейин, кышында 1°Сден төмөн. Туздуулугу 24төн 34,5%ге чейин. Кышында муз каптап турат. Суткасына эки жолу ташкындайт (бийиктиги Ме­зень булуңунда 10 мге чейин жетет). Балык (сельд, навага, сига), түлөн кармоо өнүккөн. Ак деңиз – Балтика каналы аркылуу Балтика деңизинин алабындагы көлдөр жана дарыяларга, Волга – Балтика суу жолуна, б. а. Каспий, Азов жана Кара деңиздерге чыгат. Башкы порттору: Архангельск, Онега, Беломорск, Кемь, Канда­лакша.